Кийинки аптадан тарта музей менен китепканалар иштей баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПятая ежегодная акция "Ночь в музее" в Бишкеке
Пятая ежегодная акция Ночь в музее в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска байланыштуу өлкөдө көп адамдын катышуусундагы иш-чараларга жана мекемелердин иштешине тыюу салынган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Эки күндөн кийин, 14-сентябрда, өлкөдө музей менен китепканалар иштей баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Буга байланыштуу иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгып, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган. Анда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча сунуштамалар камтылган.

Жалал-Абад, Баткенге ички каттамдар жанданат

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу өлкөдө көп адамдын катышуусундагы иш-чараларга жана мекемелердин иштешине тыюу салынган.

Учурда Кыргызстанда COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 44 828 болсо, анын 40 779у айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1063 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0