Пандемия кирешемди көбөйттү. Кыргызстандык ишкердин маеги

© Фото / Илья ТарасовБизнесмен Аскар Маметжанов
Бизнесмен Аскар Маметжанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө пандемияны жеңгенде бизнестин нугу кандай өзгөрөт, эмнеге табигый азыктардын өндүрүшүнө рынокто суроо-талап өстү жана бизнеске кантип инвестиция тартууга болорун Sputnik Кыргызстандын окурмандарына ишкер Аскар Маметжанов айтып берди.

Оштогу бизнесмен жеке ишине 500 миң доллар инвестиция тартып, жүз кишиден турган командасын жумуш менен камсыз кылган. Бүгүнкү күндө Маметжановдун ишканасы табигый суусундуктарды, ошондой эле биздин чоң энелер жасап келген эзме курутту чыгарат.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Оштун карапайым тургунумун. Кесибим боюнча технологмун. 1995-жылы бир тууганым менен алгачкы ишибизди түптөгөнбүз. Ашканабызда эле сыра кайнатчубуз, ал кезде ал крафттык деп аталарынан деле кабарым жок болчу. Колго жасалганына карабастан абдан даамдуу болчу. Көп өтпөй Кыргызстандагы алгачкы сыра кайнатып сатчу жайлардын бирин ачтык. Баса, ичимдик берилген чакан кафе алигүнчө иштейт.

Биздин өлкө — бизнести өнүктүрүүгө ылайык жер. Кезегинде компьютерлештирүү жана IT тармагына аябай кызыккан элем. 2007-жылы Кыргызстанда биринчилерден болуп DELL компьютерлерин жана Apple компаниясынын өндүрүмдөрүн сата баштадык. Айфондорду алып келчүбүз, анда алар америкалык операторго катталып сатылчу. Кыргызстанда иштеши үчүн алардын программалык камсыздоосун алмаштырууга туура келчү.

Азыркы ишим автоунаа сатуудан да кирешелүү! Кыргызстандык ишкердин ири бизнеси

2014-жылы чет өлкөдөн алып келинген суусундуктарга неге мынча акча короторубузду ойлондум. Өлкөбүз ресурска бай, кант кошулган газдалган сууга караганда мыкты жана пайдалуусун өндүрө алабыз. Ошондо кургатылган жемиштен компот жасоону чечтим. Бул даамдуу жана пайдалуу, эң негизгиси – жергиликтүү рынок акырындап алдыга жыла баштаган. Фермерлерден сырье сатып алып, жумушчу топтоп, өндүрүшкө кириштик. Адашпаптырбыз. Рынокто дүйнөлүк аты бар ишканалар менен атаандашуу оңой-олтоң эмес экени талашсыз. Көпчүлүк бул долбоордун ийгиликке жетерине күмөн санады, бирок биз ишти илгерилетмек гана тургай, өндүрүштү да кеңейте алдык. Биздин өндүрүмдөр курут, каймак жана башка азыктар менен толукталды. Компаниябыз чыгарган эзме курут эле бир тайлык. Бул — чоң энебиз биз бала кезде жасап берчү өзгөчө суусундук. Бизнести кеңейтүү үчүн инвестиция тарттык. Биздин долбоорго 500 миң доллар салышты!

© Фото / из личного архива Аскара МаметжановаАскар Маметжанов жеке ишине 500 миң доллар инвестиция тартып, жүз кишиден турган командасын жумуш менен камсыз кылган. Анын ишканасы табигый суусундуктарды, ошондой эле биздин чоң энелер жасап келген эзме курутту чыгарат
Пандемия кирешемди көбөйттү. Кыргызстандык ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Аскар Маметжанов жеке ишине 500 миң доллар инвестиция тартып, жүз кишиден турган командасын жумуш менен камсыз кылган. Анын ишканасы табигый суусундуктарды, ошондой эле биздин чоң энелер жасап келген эзме курутту чыгарат

— Жарым миллион долларлык инвестицияны кантип тарта алдыңыз?

— Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоого алган уюмдар бар. Алар өнүгүүгө өбөлгө болушат. Негизгиси, ишкердин демилгеси татыктуу деңгээлде болууга тийиш. Сизге акча бөлүп бериши үчүн долбоор жазуунун да кажети жок. Болгону бизнесиңиз же дарамети дурус демилгеңиз болушу шарт, ошондо инвестициялар көп күттүрбөйт.

Менин демилгемде жүз кишини жумуш орду менен камсыз кылуу, ошондой эле улуттук идеяларды жайылтуу камтылган. Маселен, эзме курут – бул биздин чоң энелерибиз балдарына жана неберелерине жасап берген суусундук. Алар адегенде сүзмө куюп, анан курут жасашчу, сырье ошондой түрдө бир нече айга чейин сакталат. Кышкысын сырттан үшүп келген балдарга аялдар ошол курутту таш менен талкалап, кайнак сууга эзип беришкен. Бул суусундук болгон дарттын баарына даба болчу!

Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу

Суусундукту даярдоого 30 мүнөт кетчү. Азыркы аялдарга убакытты үнөмдөп берүүнү чечтим. Алар болгону суусундук куюлган бөтөлкөнү бир чайкап туруп эле ачышат.

Сынактагы атаандаша алчу артыкчылыктардын бири менин бизнесимдин ар кыл тармакты камтыганы эле. Сүттү фермерлерден жакшы баада сатып алабыз. Мурда сүт саткандардын көбү сырье акысын бир айда бир алышчу. Биз күн сайын төлөп берүүнү чечтик. Андан соң атайын цистерналарда сүт ишканага жеткирилет. Кызматкерлер сүттөн ар кандай азыктарды жасап чыгарышат. Анан алар Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөдөгү дүкөндөрдүн текчелеринде пайда болот. 

— Рынок ар кыл суусундук, лимонаддарга толгон, алар менен атаандашуу кыйын бекен?

— Ачыгын айтканда, татаал эле. Анткени биз азыктын табигыйлыгына басым жасайбыз, ал эми кошумчасы аз азыктар көпкө турбайт, ысыкта тез бузулат. Андыктан жеңил дешке болбойт. Анткен менен бул көйгөйлөрдү чечтик, маркетингди жөнгө салдык. Пландарыбыз чоң деп айта алам, Кыргызстанда биздин өндүрүмдөр бардык облустарга жетти. Ал гана эмес, кыргыз компоту чет өлкөдө сатылууда. Ошентсе да биздин товарга кызыккандар арбын.

© Фото / Илья ТарасовАскар Маметжанов: эзме курут – бул биздин чоң энелерибиз балдарына жана неберелерине жасап берген суусундук. Бул суусундук болгон дарттын баарына даба
Пандемия кирешемди көбөйттү. Кыргызстандык ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Аскар Маметжанов: эзме курут – бул биздин чоң энелерибиз балдарына жана неберелерине жасап берген суусундук. Бул суусундук болгон дарттын баарына даба

— Бизнестеги чоң катачылыгыңыз эмне болду?

— 1995-жылдан тарта ар кыл долбоорлор менен алектендим, сыра кайнаткан кафе, гаджет жана компьютер саттым... Мен үчүн дайым команда чоң мааниге ээ эле. 2014-жылы компаниянын иши аябай солгундап кетти. Улам эле буттан чалган бир тоскоолдукка тушуга бердик. Ошондо баарын кайра баштан баштоону чечтим.

Команданы чогултуп, иштин мындай жүрүшү жарабастыгын түшүндүрдүм. Кызматкерлердин баарын жумуштан кетиреримди айтып, эртеси кайра ар бирин аңгемелешүүгө чакырдым. Кесиптештериме ишибиздин жүрүшпөй жатышынын себеби эмнеде экенин түшүндүрүүгө тырыштым. Компаниядагы өз ролдорун кайра карап чыгып, демилгелеринен бөлүшүп, ишке мен сымал күйүп-жанып мамиле кылышса дедим.

Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

Кийинки жумушчу күнү не болду дебейсизби? Эч кимиси келбеди. Адамдар менин демилгемди түшүнбөй, ал тургай, айрымдары таарыныптыр. Команда менен көптөн бери иштешип келгенбиз, андай "ажырашууну" көтөрүш оңой болгон жок. Ошондо жөнөкөй эле, бирок абдан маанилүү бир акыйкатты аңдадым. Иш — бул акча табуунун эле ыкмасы эмес, ар бир кызматкер ишканадагы вазыйпасы жогору экенин түшүнүүгө тийиш.

Ошондон кийин команданы топтоодо кишинин кесиптик деңгээлине гана эмес, дымагы, эмпатиясы, ылайыкташуу жөндөмү жана өнүгүүгө умтулушу өңдүү сапаттарына да көңүл бөлчү болгом. Акчадан да кол жууган күндөр болду, бирок жанагы жагдайга салыштырмалуу алар көйгөй эмес, утурумдук гана кыйынчылыктар эле. 

© Фото / из личного архива Аскара МаметжановаАскар Маметжанов: иш — бул акча табуунун эле ыкмасы эмес, ар бир кызматкер ишканадагы вазыйпасы жогору экенин түшүнүүгө тийиш
Пандемия кирешемди көбөйттү. Кыргызстандык ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Аскар Маметжанов: иш — бул акча табуунун эле ыкмасы эмес, ар бир кызматкер ишканадагы вазыйпасы жогору экенин түшүнүүгө тийиш

— Пандемия сиздин ишке кандай таасир этти?

— Аз убакытка башка ишкерлер сымал эле ишти токтотуп турууга туура келди. Ошол маалда биз белгилүү бир процесстерди кайра карап чыктык. Машиналарды, жабдууларды жана өндүрүш жайларын буга чейин деле дезинфекциялап турар элек. Андыктан кызматкерлерибизди жеке коргонуу каражат менен камсыздап, санитайзерлерди сатып алуубуз гана керек болду.

Ачууга мүмкүн болуп калган убакта гана кайрадан ачылдык. Эч кимди илдет жуктуруп алуу коркунучуна кабылткым келбеди. Ошол себептен өндүрүштө бардык эрежелерди бекем сактадык. Айрым кызматкерлерди аралыктан иштөөгө өткөрдүк.

Төрт саатта 800 миң сомдон кол жуугам... Бишкектик өжөр ишкердин маеги

Жумушчулар үчүн коопсуз шарттарды түзүп бердик. Бирок ооруну жуктурбаш үчүн кандай чара көрсөң да, кача албайт экенсиң. Коронавирус ушундай балээ тура, качан, кайдан жуктуруп аларыңды билбейсиң. Жумушчулар стерилдүү ишканада жашашпайт да, базарга барышат, туугандары менен кезигет, коомдук транспортто жүрүшөт.

Тилекке каршы, командамдын бир бөлүгү илдетке кабылды. Башкаларды тобокелге салбоо үчүн аларды акы төлөнүүчү өргүүгө чыгардык. Албетте, бул бизге көп чыгым тарттырды, бирок иш берүүчү катары бул менин милдетим.

— Бизнестин көп түрүнүн кирешеси пандемия убагында бир нече эсеге кыскарды. Сизде бул жагы кандай?

— Таң калганым, биздин өндүрүмгө талап Кыргызстанда да, сыртта да өстү. Экспорт 40 пайызга жогорулады. Ушул тапта биз бул эмнеге байланыштуу экенин талдап жатабыз. Балким, ооруп айыккандардын иммунитети чабалдап калган кырдаалда табигый азык соода текчелеринен тез сатылчу товарга айлангандыр. Компот, эзме курутка азыр талап күч алды. Жагдай пандемия шартында табигый жана пайдалуулугуна багытталган бизнеске тиешелүү. 

© Фото / из личного архива Аскара МаметжановаАскар Маметжанов: ооруп айыккандардын иммунитети чабалдап калган кырдаалда табигый азык соода текчелеринен тез сатылчу товарга айланды. Компот, эзме курутка азыр талап күч
Пандемия кирешемди көбөйттү. Кыргызстандык ишкердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Аскар Маметжанов: ооруп айыккандардын иммунитети чабалдап калган кырдаалда табигый азык соода текчелеринен тез сатылчу товарга айланды. Компот, эзме курутка азыр талап күч

— Ишкер катары сиздин пикириңиз кызык болуп турат мага. Пандемиядан кийин бизнес кандай өзгөрөт?

— Керектөөчүгө пайдалуу, экологиялык жактан таза товарлар жакшы өтө баштайт. Ошондой эле адамды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоого багытталган чөйрөгө да суроо-талап күчөйт.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

Туризм тармагы, ресторан жана мейманканалык бизнестеги компаниялардын кеминде 80 пайызы ишин жандандырып кете алат деп үмүт кылам. Адамдар эс алууну, саякаттоону жана даамдуу тамакты жактырышат. Ишкерлерге кийин жаңы күч менен тирденүү үчүн бир аз чыдап коюуга туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0