Бишкек мэриясы эреже бузган кафе-ресторан ээлерин жоопко тартат

© AFP / FRANK PERRYРесторандагы официанттар. Архив
Ресторандагы официанттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов чукул кырдаал учурунда коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча буйрукка кол койду.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаал учурунда экинчи ирет эрежелерди бузган коомдук тамактануу жайларына карата кылмыш иши козголот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баш калаадагы эпидемиологиялык курч кырдаалга байланыштуу Жарандык коргонуу комиссиясынын башчысы, вице-мэр Азиз Алымкуловдун коомдук тамактануучу жайлардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча буйругу чыкты.

11-сентябрда чыккан буйрукка ылайык райондун акимдери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору, санитардык-экологиялык инспекция бул багытта ишти күчөтөт. Коомдук тамактануучу жайлар менен кошо кафе-ресторандар да катуу көзөмөлгө алынат.

Мэрия Бишкектеги бир топ кафе-ресторанды жапты. Тизме

"Өзгөчө кырдаал (карантин) учурундагы чектөөлөрдү экинчи ирет бузган факты катталса, Бузуулар жөнүндө кодекстин 150 жана 293-беренелерине ылайык, материалдар Бишкек шаардык милициясына берилет. Эгерде Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-1-беренеси жана Кылмыш кодексинин 280-беренеси боюнча жоруктар / кылмыштар аныкталса, анда жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Биринчи эреже бузууга айып жана эскертүү берилет. Бул көрүнүш дагы кайталанса, айып пул салынып, кылмыш иши козголот", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет шаардыктарды элдин ден соолугу үчүн мааракелерди жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүдөн карманууга чакырат. Чара менчигинин түрүнө карабастан баарына бирдей каралат. Бул чектөөлөр Бишкектеги эпидемиологиялык абал жакшырып, атайын буйрук чыкканга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0