Чүйдө үч буттуу камераны талкалап кеткен скутердин айдоочусу табылды

© Sputnik / Андраник КазарянСкутер менен бараткан адам. Архив
Скутер менен бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББ скутердин айдоочусу боюнча түшүндүрмө берди. Ал жасаган жоругуна өкүнүп, кечирим сураганы айтылат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Чүй облусунун тургуну Suzuki үлгүсүндөгү скутер менен "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасынын штативин сындырып алды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 28-августта Новопавловка айылында болгон. Бул факты Кылмыш кодексинин 210-беренесинин 1-бөлүгү ("Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү, олуттуу зыян келтирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жээнбаева: "Коопсуз шаар" киргенден бери Бишкекте жол кырсыгы 70%га азайды

Кийинчерээк милиция скутердин ээсин таап, анын 55 жашта экени аныкталган. Шектүү ошол күнү Ала-Тоо совхозунан Аламүдүн базарына аккумулятор сатып алганы барганын айткан.

"Жолдо ал үч буттуу камераны көрүп, жанынан өтүп бара жатып колу менен түртүп салып, андан ары жолун улаган. Бул кылганы үчүн ал өкүнүп, кечирим сурады", — деп айтылат ЖКККББнын маалыматында.

Мамлекеттик номери жок скутер айып жайына киргизилген. Учурда чыгымдын көлөмү аныкталып жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен айдоочу үч буттуу камераны калыбына келтирүүгө милдеттендирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0