Прокуратура добушту кыйнап, мажбурлап чогулткандарга чара көрүүнү баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к парламентским выборам в Бишкеке.
Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзөмөл органы Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы чечимине ылайык, интернеттеги басылмаларга мониторинг кылып турат. Прокуратура бир нече ишти карап чыкканын билдирди.

БИШКЕК, 11-cен. — Sputnik. Прокуратура органдары шайлоо процессинин бузулушу боюнча жарандардын сегиз кайрылуусун жана 30дан ашык маалыматты карап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, көзөмөл органы Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы чечимине ылайык, интернеттеги басылмаларга мониторинг кылып турушат. Прокуратура бир нече ишти карап чыкканын билдирди.

Добуштарды сатып алышууда

Facebook тармагында 7-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган белгисиз адамдардын сүйлөшүүсү жазылып калган факты пайда болгон. Прокуратуранын билдиришинче, анда шайлоочуларга беш миң сомдон жүз долларга чейинки акча сунушталып, добуштарды сатып алуу максаты көздөлгөн.

Шаршеналы уулу: эреже бузган партия 300 миң сомго чейин айып тартышы мүмкүн

Материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") боюнча иш козголгон. Тергөө маектешүү кайда болгонун аныктап, дагы башка жагдайларын иликтеп жатат.

Паспорт сурагандар

ЖМКлар жазгандай, бир аялга Жал кичи районундагы (Бишкек) ооруканада иштеген таанышы чалып, партиялардын бирине "добушун берүү" үчүн паспортун медициналык мекеменин директоруна тапшырууну суранган.

Учурда Ленин райондук ички иштер башкармалыгы фактыны каттап, текшерип жатат.

Мектеп шайлоочулардын маалыматын чогулткан 

5-сентябрда Октябрь райондук прокуратурасына коомдук фонддордун бири кайрылып, №64 мектеп-гимназиясынын директоруна чара көрүүнү суранган. Фонд мектеп башчысы мугалимдерди окуучуларынын ата-энесинин номерин жана жеке маалыматтарын чогултуп, жакынкы аймактагы участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) катчысына өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын билдирген.

ЖК депутаттыгына талапкер кандай критерийлерге жооп бериши керек. Тизме

Текшерүү учурунда мектеп директору Бишкек шаарындагы №1112 УШКнын төрагасы экендиги аныкталган. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 81-1-беренеси боюнча ("Административдик ресурстарды туура эмес пайдалануу") менен каттоого алынган.

Ошондой эле айтылган маалыматтардын арасында тастыкталбаган учурлар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0