Коомдук транспорттун айдоочуларына 519 миң сом айып салынды. Себеби

© Sputnik / Ангелина Инюшина"Дордой" базарындагы маршруткалар. Архив
Дордой базарындагы маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук транспорттун ичинде санитайзердин бар-жогу, санитардык тазалык жана аралыктын сакталышы текшерилип жатат.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкекте санитардык эрежени сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына жарым миллион сом айып салынды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Шаардык транспорт башкармалыгынын адистери Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Кайгуул милициясы, Транспорт жана жолдор министрлигинин транспорт инспекциясы менен биргеликте күн сайын текшерүүгө чыгып жатканы айтылат. Анда коомдук транспортун ичиндеги санитайзердин бар-жогун, санитардык тазалык жана аралыктын сакталышын карашат. Ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленет.

Душман кете элек! Боронов COVID кесепети боюнча элге кайрылды. Видео

1-июндан 10-сентябрга чейин 3 981 транспорт санитардык текшерүүдөн өтүп, 284 протокол толтурулган. Натыйжада эреже бузуу боюнча салынган айып пулдун суммасы 519 миң сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0