Быйыл РФ Кыргызстандагы окуучулардын тамагына канча каражат бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация новой модели питания для школьников в Бишкеке
Презентация новой модели питания для школьников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун ири донору катары Россия быйыл Армения, Кыргызстан жана Тажикстан баш болгон сегиз өлкөгө ар тараптуу колдоо көрсөткөн.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Быйыл Россия Кыргызстанга мектептерде тамак берүүнү уюштуруу жана ашканаларды жабдуу үчүн 5,4 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу "Sputnik. Жакынкы чыгыш" аталышындагы Telegram-каналда айтылды.

Жардам БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Россотрудничестводон келген. БУУнун ири донору катары Россия быйыл Армения, Кыргызстан жана Тажикстан баш болгон сегиз өлкөгө колдоо көрсөткөн.

Бул өлкөлөргө Россия жалпысынан 26,4 миллион долларлык жардам кылган.

Россия Оштогу мектептерге орус тилиндеги 10 миң китеп берди. Сүрөттөр

Белгилей кетсек, Россотрудничество мектептерди, илимий жана маданий борборлорду китептер менен камсыз кылып турат. Быйыл агенттик КМШ өлкөлөрүнө, Абхазияга жана Түштүк Осетияга 100 миң китеп даярдаган. Кыргызстанга 15 миң 540 китеп келиши күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0