Бишкектеги ЖОЖду аяктаган жигит "Россия лидери" сынагында жеңүүчү болду

Жазылуу
Абдрашитов КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк экономика кафедрасында магистратура жана аспирантура бөлүмдөрүн аяктаган. Учурда Казань шаарындагы ири юридикалык компаниянын жетекчиси.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинин бүтүрүүчүсү Закир Абдрашитов "Россия лидерлери — 2020" сынагында жеңүүчү болду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Сынак жаңы муундагы жетекчилер үчүн ачык аянтча болуп берет. Анын максаты — жаңыча ойлонгон, лидерлик сапаттары бийик жетекчилерди издөө.

Абдрашитов КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин дүйнөлүк экономика кафедрасында магистратура жана аспирантура бөлүмдөрүн аяктаган. Учурда Казань шаарындагы ири юридикалык компаниянын жетекчиси.

"Росскызматташтыктын" деңгээлин көтөрүү керек. Жаңы жетекчи Примаковдун пикири

Сынактын аралыктан өткөн этаптарында 233 миң катышуучу күч сынашып, суперфиналга 300 киши чыккан. Алардын арасынан ар кайсы категорияда 100 жеңүүчү аныкталды.

"Россия лидерлери — 2020" сынагы президенттин "Россия — мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү" платформасындагы эң маанилүү долбоорлордун бири. РФ президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу жана элдик чарба академиясынын колдоосунда өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0