Ош шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасы октябрда бүтмөкчү. Сүрөт

Жазылуу
Мамлекет башчы курулуш иштерин суук түшкөнгө чейин бүтүрүү тапшырмасын берип, сапатына да көңүл бурулушу керектигине токтолгон.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы жугуштуу илдеттер ооруканасындагы курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы жугуштуу илдеттер ооруканасындагы курулуш иштери менен таанышты.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы жугуштуу илдеттер ооруканасындагы курулуш иштери менен таанышты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы жугуштуу илдеттер ооруканасындагы курулуш иштери менен таанышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАнда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 орунга ылайыкташылганын айткан.
Анда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 орунга ылайыкташылганын айткан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 орунга ылайыкташылганын айткан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОорукана жандандыруу, жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо болуп үч бөлүмдөн турат.
Оорукана жандандыруу, жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо болуп үч бөлүмдөн турат. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Оорукана жандандыруу, жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо болуп үч бөлүмдөн турат.
1/3
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы жугуштуу илдеттер ооруканасындагы курулуш иштери менен таанышты.
2/3
Анда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 орунга ылайыкташылганын айткан.
3/3
Оорукана жандандыруу, жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо болуп үч бөлүмдөн турат.

Анда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров жаңы оорукана 100 орунга ылайыкташылганын айткан. Оорукана жандандыруу, жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо болуп үч бөлүмдөн турат.

"Бүгүнкү күндө оорукананын эски имараты толугу менен бузулуп, бир катар иштер бүткөрүлгөн. Тез курулчу конструкциялардан куралган объект ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берилип калат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчы курулуш иштерин суук түшкөнгө чейин бүтүрүү тапшырмасын берип, сапатына да көңүл бурулушу керектигине токтолгон. Жээнбеков медиктер менен баарлашып, аларга кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирген.

Бишкектеги инфекциялык оорукананын корпусу кандай курулууда. Видео

Эске салсак, Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда жугуштуу илдеттер ооруканалары курулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0