Өкмөт медиктерди окутуп кайра даярдоого катуу киришүүдө

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүСимуляционный центр Иркутской областной клинической больницы
Симуляционный центр Иркутской областной клинической больницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы дарылоо протоколу өзүнө реабилитациялоо чараларын да камтыйт. Коронавирустан жабыркаган калкты реабилитациялоо маселесине чоң көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Медициналык адистерди COVID-19 дартын алдын алуу, аны дарылоо жана реабилитациялоого тийиштүү окутууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан тийиштүү курстардан 19 миңден ашуун медицина кызматкери өткөн. Алардын арасында вирусологдор, инфекционисттер, реаниматологдор, терапевттер, пульмонологдор, лаборатория кызматкерлери жана башка адистер бар.

Премьер-министр Кубатбек Боронов медиктерди окутуу жана кайрадан даярдоо процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Коронавирустан 178 киши айыгып, 87 адам жаңыдан жуктуруп алды. Статистика

"Өлкөнүн аймактарында врачтарды кайрадан даярдоо ишин күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген протоколдоруна ылайык, ооруну дарылоо ыкмасы ар бир дарыгер, өзгөчө республиканын алыскы райондорундагы дарыгерлер үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуусу керек. Акыркы төртүнчү дарылоо протоколу өзүнө реабилитациялоо чараларын да камтыйт. Коронавирустан жабыркаган калкты реабилитациялоо маселесине чоң көңүл буруу зарыл", - деди жана адистерди сапаттуу окутуудан өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле медкызматкерлерди жана коронавирустук инфекцияга чалдыккан жактарды жана кызматтык милдетин аткарууда каза тапкан медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүн бардык тийиштүү төлөмдөр жана компенсациялар менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, ал тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0