Жээнбеков эки күндө Ош облусун кыдырып чыгат

Жазылуу
Президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет жетекчиси Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Коррупцияга жол ачат! Жээнбеков кылмыш иши тууралуу мыйзамды артка кайтарды

"Мындан сырткары, президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат", — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчынын маалымат кызматы Жээнбековдун аймактарга болгон иш сапары уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0