Эркектерди мезгилсиз өлүмгө кептеген себептер айтылды. Изилдөө

© Фото / Pixabay / StockSnapМужчина в стрессе
Мужчина в стрессе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар 40-79 жаштагы эки миңге чукул эркек кишиге изилдөө жүргүзүп, ден соолугун ар тараптан талдап чыгышкан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кандагы D витамининин деңгээлинин төмөндүгү эркектер арасында бир катар ооруларга жана мезгилсиз өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Левендин (Бельгия) католик университетинин окумуштуулары 40-79 жаш курактын аралыгындагы 1 970 эркек кишиге изилдөө жүргүзгөн. Анда адистер катышуучулардын жаш курагына, салмагына, тамеки тарткан-тартпаганына жана ден соолугуна жараша D витамининин метаболиттеринин деңгээлин салыштырып көрүшкөн.

Ажалы жакындаганын адамдын көзүн карап билсе болот. Изилдөө

Натыйжада метаболиттердин деңгээли жүрөк-кан тамыр оорулары, рак жана остеопороз сыяктуу оорулардын көбөйүшүнө, ошондой эле эрте өлүмгө байланыштуу экени белгилүү болгон.

D витамини адамга керектүү заттардын бири. Ал жетишпегенде адамдын сөөгү жумшарып, улгайганда остеопороз дартына чалдыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0