Боронов Кыргызстанга келген гриппке каршы вакциналардын баасын ачыктады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүВакцинация против гриппа в Калининграде
Вакцинация против гриппа в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт буга чейин коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну күзүндө башталарын эске алып, кырдаал курчуп кетпеши үчүн эмдөө эрте болорун билдирген.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда гриппке каршы вакциналарды сатып алуу үчүн 221,5 миллион сом каражат сарпталган. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, жалпысынан эмдөө каражаттарынын 700 миң дозасы алынган. Буга чейин биринчи вакцина Кыргызстанга сентябрь айынын орто ченинде келери айтылган. Аталган кампания сентябрдын аягында башталып, декабрда аяктайт. Өкмөт башчы белгилегендей, гриппке каршы эмдөө оболу балдарга, мугалимдерге, калктын аялуу катмарына жана дарыгерлерге жүргүзүлөт.

Гриппке каршы эмдөө качан башталып, кимдерге акысыз сайылары айтылды

Өкмөт буга чейин коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну күзүндө башталарын эске алып, кырдаал курчуп кетпеши үчүн эмдөө эрте болорун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0