25-августта бүтмөк. COVID жуктургандар үчүн оорукананын 75 пайызы гана даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСтроительство дополнительной инфекционной больницы в Бишкеке
Строительство дополнительной инфекционной больницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубатбек Боронов бийликке сын айтуунун ордуна алгач курулуштун аякташын күтүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектеги инфекциялык оорукананын коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн салынып жаткан корпусунун курулушу 75 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Эске салсак, өкмөт 100 орундуу оорукананын курулушу 25-августта аяктаарын айткан.

Бороновдун сөзүнө таянсак, акыркы эки күндө социалдык тармактарда жаңы корпусту салууда пайдаланылып жаткан материалдардын сапаты туурасында кеп болгон.

"Учурда оорукананын 75 пайызы даяр. Башында эле курулуш бир айга созуларын айтканбыз. Имарат жеңил конструкция менен салынат. Кыш коюлган эмес. Анын суукта тоңуп, аптапта ысып кетпешин эске алганбыз. Бул коронавирус менен ооругандар үчүн курулган атайын оорукана болот. Ноокастар бири-бири менен байланышпаш үчүн палатадан чыккан өзүнчө эшиктер да жасалат", — деди өкмөт башчы.

Бишкектеги инфекциялык оорукананын корпусу кандай курулууда. Видео

Ал туура айтылган сын керектигине токтолуп, бирок курулуш тармагында түшүнүгү жок адамдар сындап жаткандыгын кошумчалады. Боронов күнү-түнү иштеп жаткан куруучуларга жылуу сөз айтып, көңүлүн көтөрүп коюуга чакырды.

"Менимче, бул туура эмес. Келгиле, күтө туралы, анан жыйынтыгын көрөбүз", — деп кошумчалады премьер.

Пандемиядан бери Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган 44 526 учур катталса, алардын 40 158и айыгып чыккан. Тилекке каршы, 1 062 адам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0