Июлда Кыргызстанга жардамга келген дарыгерлер кайра Россияга кете албай жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова
Госпиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Россия тараптан ыктыярчы-медиктерди кабыл алуу боюнча тез арада оң чечим чыгарып берүүнү суранды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов РФтин тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугуп, студенттер менен ыктыярчы-медиктерди кабыл алууну өтүндү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Анда элчи ушул жылдын июль айында Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардамга келген 80ге чукул ыктыярчы-дарыгер кайра Россияга кире албай жатканын белгилеген.

“Бүгүнкү күндө ыктыярчы-дарыгерлер окуусун жана ишин улантуу үчүн Россияга кайтууга даяр. Бирок алар өлкө аймагына келүүгө уруксат берилген чет элдик жарандардын категориясына кирбегендигине байланыштуу элчи Россияга киргизүү боюнча тез арада оң чечим чыгарып берүүнү суранды”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчи Россиянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыргыз студенттерине өлкөгө кирүүгө уруксат берүү маселесине өзгөчө басым жасалганы айтылат. Руденко учурда Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан маселе каралып жаткандыгын маалымдаган.

Россия: чет элдик студенттердин окуганга киришине уруксат берилиши мүмкүн

“Россияда билим алып жаткан кыргызстандык 16 миң студент гана эмес, Казакстан, Өзбекстан жана башка КМШ өлкөлөрүнөн келген 70 миңден ашуун студенттин көйгөйү турат. Буга байланыштуу бардык чет элдик студенттер үчүн Россия тараптан жалпы бир чечим кабыл алынат”, — деп айткан Руденко.

Маалыматта Россияда 300 миңден ашуун чет элдик студент билим алары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0