Боронов: COVID-19 боюнча кыйын кырдаалдан үч жумада чыгып кеттик

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда
Премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы ооруну алдын алып, аны жайылтып жибербеш үчүн өкмөт, президент коомчулук менен бирге кескин чараларды кабыл алганын белгилеп кеткен.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Коронавирус эпидемиясынын курчуган мезгилинен Кыргызстан аз убакытта, тагыраагы, үч жуманын ичинде чыгып кетти. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы башка мамлекеттерде пандемиянын күчөгөн учуру канча убакытка созулганын айтып өткөн.

"Кытайда пандемиянын күчөгөн учуру январь, февраль, март, апрель айларына туш келип, 85 күнгө чейин созулган. Европада болсо март, апрель, май айларына туура келип, 100 күнгө чейин уланган. Ал эми Америкада вирус апрель айынан бери басылбай жатат. Оорунун жогорку чеги деген мезгил АКШда беш айга созулганын көрүп жатабыз", — деди Боронов.

Премьер-министр инфекциянын алдын алып, аны жайылтып жибербеш үчүн өкмөт, президент коомчулук менен бирге кескин чараларды кабыл алганын белгилеп кеткен.

Беш кадам. COVID-19дан айыккандар үчүн видео көнүгүүлөр чыкты

"Кээ бир мамлекеттерде вирус катталгандан кийин 15 күндүн ичинде эле жогорку чегине чыга түшкөнүн көрдүк. Кыргызстанда бул учурга июнь айынын аягы — июлдун башында жетти. Демек, ага чейин кыйналганыбызга карабастан өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал сыяктуу карантиндик режимди киргизүү менен оорунун тез жайылышына жол берилген жок", — деди өкмөт башчы.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 526га жетти. Анын ичинен 40 158 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, илдет 1 061 адамдын өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0