700гө чукул мектеп жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

© Sputnik / Григорий СысоевОкуучулар информатика сабагы учурунда. Архив
Окуучулар информатика сабагы учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Өлкөдө 693 мектеп кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырылып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мектептер буга чейин демөөрчүлөр, жергиликтүү бийликтин жардамы менен түрдүү провайдерлер жана түрдүү жолдор аркылуу интернетке туташтырылгандыктан, айрымдарында ылдамдык начар болсо, кээ бирлеринде абоненттик төлөм көйгөйү болгон.

Боронов: окуу башталганда айылдарда интернет жок деген маселе болбосун

Министрлик тарабынан тендер өткөрүлүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандарын дүйнөлүк желеге кайра кошуу иштери жүрүүдө.

Кыргызстандагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташканын Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылы билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0