COVID жуктуруп алгандар, дарттан айыккандар. Соңку маалымат

© REUTERS / Issei KatoКоронавирус тесттери. Архив
Коронавирус тесттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 526га жетти. Анын ичинен 40 158 бейтап ооруну жеңип чыкты.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 198 бейтап айыгып чыкты, бирок ошол эле убакта дагы 68 киши илдет жуктуруп алганы катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 84
  • Ош шаары – 4;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 11;
  • Нарын облусу – 7;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 33;
  • Баткен облусу – 33;

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 13;
  • Ош облусу – 11;
  • Чүй облусу – 4;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 16.

Коронавируста антибиотик, витамин, гормон дарыларын колдонуунун жолу. 7 эреже

Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 526га жетти. Анын ичинен 40 158 бейтап ооруну жеңип чыкты.

Учурда өлкөдөгү ооруканаларда 551 киши жатат, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 627 бейтап бар.

Коронавирустун кесепетинен кечээ Бишкек шаарында бир адам каза болду. Аталган оорудан ажал тапкан кыргызстандыктардын жалпы саны 1 062ге жетти.

Ал эми Ош облусунда бир медиктин COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле маалда бир суткада төрт медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткан 17 ак халатчандын сакайганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0