Үйүнөн автоунаа айдап чыккан 30 жаштагы жигит дайынсыз жоголду. Сүрөт

© Фото / PixabayАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 4-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында күмүш түстүү Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаасын айдап чыккан бойдон кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын 30 жаштагы тургуну Кайрат Жумабек уулу изделип жатат. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

© Фото / пресс-служба МВД КРДайынсыз жоголгон Кайрат Жумабек уулу
Үйүнөн автоунаа айдап чыккан 30 жаштагы жигит дайынсыз жоголду. Сүрөт  - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон Кайрат Жумабек уулу

Маалыматка караганда, ал 4-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында күмүш түстүү Toyota Camry (номери 09KG 919ABI) үлгүсүндөгү автоунаасын айдап чыккан бойдон кайтып келген эмес.

"Ошол бойдон кайда экени белгисиз. Бою 165-170 сантиметр, көздөрү кара, кыска сакалы бар”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кайрат Жумабек уулу тууралуу көргөн-билгендер (0551) 04-02-02, (0707) 04-02-02, (0555) 34-79-94 же (0312) 26-62-61 номерине билдирип койсо болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0