Түрттүрүлүп, кайра курулат. "Ак кула" ипподромунун долбооруна тендер жарыяланды

Жазылуу
Бир канча убакытка созулган соттук териштирүүлөрдөн соң ат майдан мэриянын балансына өткөн. Имарат авариялык абалда деп табылгандыктан кайра курулмай болду. 

БИШКЕК, 7-cен. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы "Ак кула" жаңы ат майданынын долбоорун иштеп чыгууга тендер жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бир канча убакытка созулган соттук териштирүүлөрдөн соң ат майдан мэриянын балансына өткөн. Учурда айрым жер тилкелери боюнча соттук териштирүүлөр уланып жатат.

Билдирмеде айтылгандай, 1947-жылы курулган ипподром азыр авариялык деп бааланууда. Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институту техникалык корутунду чыгарган. Ага ылайык, былтыр ипподромдун имараты нормаларга жооп бербейт, жер титирөөгө туруктуу эмес, авариялык абалда деп табылган.

Транспорт министрлиги ири долбоорлорду ишке ашырууга донор издөөдө

Ушул жылдын сентябрь айынын башында институттун жана ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде өкмөт "Ак кула" ипподромунун имаратын түрттүрүп, кайрадан куруу токтомун кабыл алган.

Мэрия жаңы ат майдандын долбоорун иштеп чыгууга кызыкдар тараптарды чакырды. Техникалык тапшырма мамлекеттик сатып алуулар сайтында күндүн аягына чейин жарыяланары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0