Елена Малышева адам баласы үчүн эң кооптуу беш илдетти санады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиялык белгилүү дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева. Архив
Россиялык белгилүү дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, коомчулук коронавирус менен башын оорутуп жатып, ушул убакка чейин адам өмүрүн эң көп алган ооруларга көңүл бурулбай жатат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Россиялык белгилүү дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева дүйнөдөгү эң кооптуу илдеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Малышеванын айтымында, коронавирус пандемиясынан улам адамдар чындап коркунуч алып келе турган ооруларды унутта калтырып жатышат.

Коронавирусту бир нерсе ойготту! COVID-19дун чыгышы тууралуу божомол айтылды

"Коронавирус өлүмгө кептей турган оорулардын арасында 17-орунда турат. Ал эми эң кооптуу бештикке кургак учук, гепатит В, пневмония, ВИЧ/СПИД жана безгек кирет", — деди ал.

Дарыгердин айтымында, коомчулук коронавирус менен башын оорутуп жатып вакцина жана дарысы табылса дагы, ушул убакка чейин адам өмүрүн эң көп алган ооруларга көңүл бурулбай жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0