Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Фото / Pixabay / Nikolai ShapovalКар менен капталган дарак гүлү. Архив
Кар менен капталган дарак гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртеңкиге караган түнү аба ырайы кескин салкындайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетери айтылды.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 7-сентябрда, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас, Нарын аймактарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24 градус болот.

Борбор калаада мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, термометр +23...+27, Ош шаарында +27...+29 градусту көрсөтөт. Экинчи борбордо күндүн көзү бузулбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0