Өкмөт кафе-ресторандарга рейддерди күчөтүүнү талап кылды

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүКоноктор кафенин жайкы верандасында отуруп жатат. Архив
Коноктор кафенин жайкы верандасында отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар жайлар жабылган. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларында рейддерди күчөтүү керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында вице-премьер Алмазбек Баатырбеков билдирди.

"Көп киши катышкан майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү катуулатышы шарт", — деди Баатырбеков.

Буга чейин борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар жайлар жабылган эле. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт.

Ошондой эле өлкөнүн айрым облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча  маселелер талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0