Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан өлүм катталган жок

© AP Photo / Mukhtar KhanМедициналык кызматкер COVID-19 тестирлөө үчүн үлгүлөрдү чогултуп турат
Медициналык кызматкер COVID-19 тестирлөө үчүн үлгүлөрдү чогултуп турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус Кыргызстандын аймагында катталгандан бери өлкөдө аны жуктуруп алып көз жумгандардын саны 1 061ге жетти.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, август айынын экинчи жарымынан бери коронавирустан каза болгондор катталбаган бир нече күндөр болду. Бактыга жараша, бул жакшы көрсөткүч, бирок Саламаттык сактоо министрлиги вирустун азырынча толук жок болуп кете электигин айтып, элге этият болууну байма-бай эскертүүдө. 

Кечээ COVID-19ду жуктургандар, андан айыккандар. Кыргызстандагы статистика

Ал эми пандемия башталгандан бери Кыргызстанда вирус жуктуруп алып көз жумгандардын саны 1 061ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0