Өлкөдө дистанттык окуу шайлоого байланыштуу болдубу? Президенттин жообу

© Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАралыктан сабак окуп жаткан окуучу. Архив
Аралыктан сабак окуп жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттен маек алган журналист калктын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук саясатташтырылып кетти деген кептер болуп жатканын айткан.

БИШКЕК, 5-сен.— Sputnik. Коом ашкере саясатташкандыктан ар бир маселе ошол көз караш менен каралат. Бөтөнчө бул шайлоо жакындаганда күч алганын президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирген.

Журналист пандемия шартында окуу жылы дистанттык тартипте башталды дегени менен аны шайлоого байланыштыргандар бар экендигин, кеп мугалимдер шайлоо үчүн иштей турганы жөнүндө болуп жатканын айткан.

Президент Жээнбеков акын Аалы Туткучевдин ыры боюнча үн катты

Президент шайлоо жакындаган сайын көпчүлүктө маселени саясий өңүттөн кароо аракети күч аларын билдирген.

"Бул — табигый көрүнүш. Добуш алуу үчүн ар кандай жолдорго барышат. Негизинен эле биздин коом ашкере саясатташкан десем жаңылбайм го. Эл арасында айтылат эмеспи, жарды өлкөнүн эли — саясатчы, бардар өлкөнүн эли — саякатчы деп. Экономикасы өнүккөн, жеке кирешеси күнүмдүк тирилигинен ашкан өлкөнүн жарандары саякаттап, дүйнө кыдырганга мүмкүнчүлүгү бар да. Биздин өлкөнүн эли да ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болчу мезгилге жетебиз деп ишенем. Менин жасап жаткан ишим дагы, көздөгөн мамлекеттик саясатым да ошол", — деген Жээнбеков.

Ал аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, экспорттук потенциалын колдоо сыяктуу багыттар бюджеттин кирешесин, калктын турмушун жакшыртуу үчүн жасалып жаткан негизги иш-аракеттер экенин белгилеген.

"Ал эми мектептердин, окуу жайлардын дистанттык тартипте иш баштаганын айтсам, бул балдарыбыздын саламаттыгына көрүлүп жаткан камкордук. Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги дагы деле жагдай кооптуу деп коңгуроо кагууда. Дүйнөнү деле окуп, көрүп жатпайбызбы. Айрым мамлекеттерде кайрадан экинчи толкунду болжоп жатышат. Ошондой эле балдардын оорусу да чыгууда. Бизде да мектеп, ЖОЖдор оорунун очогу катары кабыл алынууда. Ошондуктан Республикалык штаб ушундай чечимге келген. Мен да туура көрүп колдодум", — деди мамлекет башчы.

Ошондой эле Жээнбеков абал жакшырса, окутууну кадимкидей өткөрүү караларын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0