13:54 20 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7933
  • EUR101.9682
  • RUB1.1121
Коом
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Бишкек, Ош шаарларында азиз жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарында жалпы 340 окуучу билим алат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен окуу китептер басып чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бул окуу куралдары Бишкек, Ош шаарларындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарына берилген. Китептерди басып чыгаруу үчүн каражатты министрлик бөлүп бергени айтылат.

"Брайл шрифти менен жазылган окуу китептерди 7-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулар колдоно алат. Мындай шрифт менен алгебра сабагынын ар кайсы класстар үчүн төрт аталышы басып чыгарылган", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек, Ош шаарларында азиз жана көзү начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарында жалпы 340 окуучу билим алары кошумчаланды.

Тема боюнча

Тескери басылган герб, гимн. Окуу китептеги одоно ката боюнча министрлик жооп берди
Белгилер:
мектеп, билим, окуучулар, азиз, китеп

ЭҢ МААНИЛҮҮ