Окуучулардын күзгү, кышкы, жазгы каникулунун графиги жарыяланды

Жазылуу
Мектептер күзгү каникулга 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин тарамай болушту. Тагыраагы, бир жума эс алышат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылдарындагы каникулдардын болжолдуу датасын маалымдады.

Ага ылайык, мектептер күзгү каникулга 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин тарамай болушту. Тагыраагы, бир жума эс алышат.

Кышкы каникул жылдагыдай 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 11-январына чейин созулат. Ал эми жазгы каникул 2021-жылдын 22-мартынан 30-мартка чейин деп белгиленди. Ал эми жайкы каникул 25-майдан тарта баштала турганы божомолдонду.

"Үчүнчү чейректе 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул мөөнөтү берилет. Бирок анын баары райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары менен макулдашылат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам мектеп окуучулары жайкы каникулга 30-майда тарашкан. Жаңы окуу жылын 1-класстардан башкалары дистанттык формада башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0