Баламдын алдында тилим кыска. Уулунун көңүлүн таба албаган эненин арманы

© Фото / Pixabay/ bngdesignerБетин жаап турган бала. Архив
Бетин жаап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет уулу менен мамилесин кантип жакшыртарын билбей, өзүн күнөөлүү сезген эненин каты жарыяланды.

Азыр балам менен мамилемди кантип жакшыртарымды билбей жатам. Тагыраак айтканда, уулум мени менен катышкысы келбейт. Ушундан улам акыры психологго кайрылууга туура келди.

22 жашымда турмушка чыгып, жолдошум менен алты жылдай жашадык. Ортодо бир уулдуу болуп, балам бешке чыкканда ажырашып кеткенбиз. Эми турмуш-шарт экен, эки башка жолго түшкөнүбүзгө ар кандай себептер болду. Бирок баламды кайнатамдар багып алышкан. Анткени мен жумуш менен чет мамлекетке кетишим керек эле, ал эми кайната-кайненемдер билимдүү, түшүнүктүү, жетиштүү турмушта жашачу. Кыскасын айтканда, баланы жакшы багып, чоңойтууга кудурети жетчү. Мен аларга толук ишендим. Ушул себептен төркүндөрүмө таштагандан көрө Ата Журтуна таштоону туура көрдүм. Ал эми өзүм менен алып кетүүгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок.

Ошентип чет мамлекетте беш жыл жүрдүм. Мен деле баламды ойлоп, кандай жүрдү экен деп санааркачумун. Бирок иш менен алаксыдым. Максатым Бишкектен үй алып, материалдык жактан буттан туруп, анан кааласа баламды жаныма алуу эле. Натыйжада ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңди. Мен да күнөөмдү билем, эне катары милдетимди аткара алган жокмун. Көрсө мен башкача ойлонуптурмун. Бутуман туруп келип эле материалдык жактан эч кимге көз каранды болбой, балам менен жашап калам дептирмин.

Күйөөмдүн "сүйүктүүсү" тынчтык бербей... Жолдошу баркына жетпеген келиндин каты

Беш жылдан кийин барып баламды көрдүм, шаарга алып кетейин десем кайнатамдар болбой коюшту. Жолдошум үйлөнүптүр. Үй-бүлөсү менен шаарда турат. Балам айылда экен. Ошондо эле баламдан мага болгон таарынычты байкагам. Кыргызстанда үч айдай жүрүп, бир жылдан кийин кайра келеримди айтып, бир аз иштегени чет мамлекетке дагы кеттим.

Кийин ортодо мен да турмушка чыктым. Эки жылдай жашап анда да жолум болгон жок. Анын баарын айтып отургум келбейт. Ошол аралыкта Бишкектен үй, машина алдым. Иш ачтым. Балама эки-үч жылда бир бардым. Азыр уулум он алтыга чыкты. Аталарында жүрөт. Мени менен чогуу жашамак турсун, жолуккусу келбейт. Баламдын менден көңүлү калганын көрүү мага абдан оор. Андан башка балам да, бактым да жок. Мага болгон кусалыгы жек көрүүгө айланганын кеч билдим. Жолугууга эптеп көндүрөм, ошондо да окуусуна, жол киресине акча берүү үчүн. Ушул жагынан жардамым тийип жатканына шүгүр. Баламдын атасына да таарынычы бар өңдөнөт. Менин ата-энем деп чоң атасы менен чоң энесин айтат. Эрезеге жеткирген чоң аталарына ыраазычылыктан башка айтарым жок. Баланы алардан талаша да албайм. Болгону менин да үйүмө ээн-эркин келип, жардамга сунган колумду какпаса дейт элем. Өз балаңдын алдында сөзүң кыска болгону жаман экен. Канткенде балам менен жакшы мамиле кура алам? Ушул балам экөөбүз материалдык жактан кор болбойлу деп жүрүп, алыстатып, эне мээриминен ажыратып коюпмун. Азыр айламды таба албай турам...

Муратбек Султанбеков, "Психотерапевт" аналитикалык борборунун жетекчиси:

— Азыр экономикалык-саясий глобалдуу көйгөйлөрдүн артынан үй-бүлөлүк ажырымдар көп. Атасы же апасы, кээде экөө биригип балдарын таштап чет мамлекетте иштегенге аргасыз болушууда. Бирок убакыт өзүнүкүн алат да. Алар иштеп, бир нече жылдан кийин келсе балдары өзгөрүп, мамилелери башка болуп калат. Мындан улам үй-бүлөлүк гармония бузулуп, анын баалуулуктары тууралуу түшүнүктөр жоголо баштайт. Негизи үй-бүлө бекем чеп катары көп нерсенин башаты болгон сүйүү, мамиле, ишеним, тарбия өңдүү адамдын ички баалуулуктарын жаратат.

Бул окуя абдан терең жана көйгөйлүү маселе экен. Каттын ээси өзүнүн турмушун жөнгө салам деп багыттарын бир аз туура эмес коюп алган. Материалдык жактан жогорулап, иштеп акча табууну тандаганда, муну менен катар башка бир нерсени жоготуп алышы мүмкүндүгүн түшүнүшү керек болчу. Акыры жыйынтыгы ушундай болуп жатат. Бирок мындан да чыгуунун жолу бар.

Акча кандай учурда адамга бакыт тартуулайт. Психологдун пикири

Алгач баарын деталдаштырып тактап алышыңыз керек. Биринчиден, уулуңуз учурда өткөөл куракта. Ал азыр көп нерсени жактырбайт, кабыл алгысы келбейт, ошол эле убакта сезимтал, баарын жүрөгүнө жакын алат. Ушундан улам абдан этияттык менен иш алып баруу зарыл.

Сиз жакшы психологго же психотерапевтке жазылып, аны менен бирге атайын кадамдарды иштеп чыккан соң гана аракетти баштасаңыз болмок. Ошондо бала эле эмес, кайын-журт менен да түшүнүшүп алмаксыз. Азыр ар бириңердин ички таарыныч, түшүнбөстүктөрүңөр бар.

Балада ушуга чейин туулган күнү, жеңиши, көйгөйү өңдүү жакшы-жаман учурлар болгон. Ошондо ата-энесинин орду жоктолуп калган. Чоң аталары да муну сезген. Эми мунун баары азыр айтылбайт жана эскерилбейт.

Ошол себептен да сиз эч качан балаңызга аны күнөөлөгөн сөздөрдү айтпаңыз. Ал сизди кабыл албай "сен менин апам эмессиң" деген күндө да эмоцияга алдырып "сен деле мени эстеп кат жазып койгон жоксуң" өңдүү сөздөрдү оозуңуздан чыгарбаңыз. Анткени баланын бул жерде эч кандай күнөөсү жок, ал жашоого "келем" деп өзү төрөлүп алган эмес.

Тескерисинче, бул балага ата-энесинин кийинки турмушуна киришпегени үчүн ага рахмат айтуу керек. Себеби чоң атасы менен чоң апасынан үй-бүлөлүк баалуулуктарды алып калган. Анын жан дүйнөсүн дароо өзгөртөм деп жашоого көз карашын бузуп албагыла. Энеси баласына велосипед же бир нерсе сатып берип өзүнө жакындатам деп ойлосо жаңылышат. Азыр бул баланын курагында ага чын жүрөктөн жасалган мамиле талап кылынат. Аны менен болушунча сый мамиледе болгонго аракет кылып, эч качан талашып-тартышпаңыз.

Улууңардын тандоосун, көз карашын сыйлоого үйрөнгүлө. Ошондо гана силерге баланын жүрөгү ачылат. Анткени бул баланын ичинде көп таарыныч жатат. Ата-энесине, жада калса чоң аталарына болгон ички таарыныч, суроолору бар. Бирок ал аны айтпайт. Эгер эмоция менен айтууга аракет кылса, ата-энеси аны толук укканга аракет кылып, токтотпошу зарыл.

Психологдор бактылуу болуунун сырын ачышты

Себеби аны терең, олуттуу уга билген адамга балада кийин ишеним пайда болуп, бара-бара оюн айта баштайт. Муну менен ичтеги бугу да чыгат. Балаңыздын сизди күнөөлөгөн сөздөрү канчалык ачуу болбосун, чыдашыңыз зарыл. Ошондой эле баланын кулк-мүнөзүн өзгөртүүгө аракет жасабай эле койгон оң. Беш жашынан бери чоң аталарынын колунда өсүп, анын жашоого көз карашы, мүнөзү калыптанып калган. Уулуңузду кызганбаңыз, аны эрезеге жеткирген адамдар тууралуу да терс пикир айтпаңыз. Балаңыз үчүн ал кишилердин баа жеткис орду бар.

Бирок сиз деле жашоодо абдан чыдамкай, туруктуу экендигиңизди көрсөткөнсүз. Чет мамлекетте иштеп, бардыгына чыдап, материалдык жактан көздөгөнүңүзгө жетипсиз. Муну деле бала көрөт, байкайт. Ал деле буга ичинен сыймыктанып, келечекке кандайдыр бир ишеними пайда болот. Ошол себептен балаңызга ыйламсырап даттанбаңыз. Анткени баладагы ишенимди кетирип, келечегине шек жаратып коёсуз. Ал "мен эмнеге апам менен жашашым керек? Өзүмө таянып, өзүмчө жашайын" деген ойго келе баштайт. Бала үчүн ушундай күчтүү бойдон калганыңыз оң.

Сиз уулуңузга он жылдан кийин кайтып келип жатасыз. Ушул аралыктагы баланын калыптануусун дароо эле оңдоп, бир жылда эле жакындатып алууга болбойт. Буга көп убакыт керек. Ал үчүн чыдамдуу болуу абзел. Ушул гана жолу бар. Балаңызды сындап, туура эмес нерсе айтса күлбөй олуттуу мамиле кылыңыз. Сиз ага эне болгуңуз келсе, балаңыз эмнеге кызыгарын билип, иликтеңиз. Азыр бала ушул куракта ишенимдүү кишини издеп жүрөт. Ага эне дагы, дос дагы болгонго жетишиңиз. Колдон келсе баладан чын жүрөктөн кечирим сурап, ошондогу абалды таңуулабай түшүндүрүп коюу да ашыкча болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0