Жаныш Бакиев экстрадицияланса дароо камалабы? Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүПредседатель общественного фонда "Безопасность и правопорядок" Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич
Председатель общественного фонда Безопасность и правопорядок Бакиев Жаныбек (Жаныш) Салиевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскердик сот Жаныш Бакиевди 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир нече адам өмүрүн алган каргашалуу окуяга жана башка оор кылмыштарга күнөөлөп, өмүр бою эркинен ажыраткан. Кийин Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура акыркы кездерде коомдо кайрадан сөз боло баштаган Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев экстрадициялана турган болсо кандай чаралар көрүлөрүн түшүндүрдү.

"Жаныш Бакиевге карата соттун өкүмү күчүнө кирген. Мыйзам боюнча ал Кыргызстандын чек арасын басып өткөн мүнөттөрдөн тарта жазасын өтөшү керек. Тагыраагы, өлкөдөгү абактардын бирине киргизилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча өзүнө карата соттун чечимине алгачкы жолу 2-сентябрь күнү үн катты. Буга чейин Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу пландалганы боюнча ар кандай кептер айтылып келген. Бирок бул версия боюнча Атамбаев комментарий бере элек болчу.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Мурдагы президент 2012-жылы УКМК Жаныш Бакиевди артка кайтаруу боюнча атайын операцияны пландаганын жана бул демилгени ал колдогонун айтып берди.

Көп өтпөй бул боюнча Башкы прокуратура билдирүү таратты. Ага ылайык, Жаныш Бакиевди экстрадициялоо маселеси 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын (Кишинев конвенциясы) жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын ченемдери менен гана жөнгө салынат. Тагыраагы, экстрадициялоо үчүн башка негиздер мыйзамда каралган эмес. Ошондуктан көзөмөл органы Бакиевди кайтаруу боюнча атайын операция мыйзамсыз болмоктугун белгиледи.

Ошондой эле Башкы прокуратура Жаныш Бакиев өмүр бою эркинен ажыратылгандыгын эске алып, учурда аны Кыргызстанга кайтаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаныш Бакиев — 2010-жылы апрель айында өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Агасы президент болуп турган мезгилде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген. Кийин алар Бералустан саясий башпаанек алышкан. Учурда Минск шаарында жашары айтылат.

Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги бир нече адам өмүрүн алган каргашалуу окуяга жана башка оор кылмыштарга күнөөлөнүп, Аскердик сот тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2016-жылдын июль айында Жогорку сот 7-апрель боюнча акыркы чечимин чыгарган. Анда сот коллегиясы Аскердик соттун өкүмүн күчүндө калтырган болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0