МИК: мамлекеттик кызматкерлер насыя алуу үчүн коркутканга чейин барууда

CC0 / Pixabay / Free-PhotosКиши галстукту байлап жатат. Архив
Киши галстукту байлап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын билдиришинче, айрымдар жакында эле арыздарын бергенине карабастан тез арада насыя берилүүсүн талап кылып, коркутканга чейин барышууда.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшкөн бардык арыздар берилген датасын эске алуу менен каралат. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

МИК жакында эле жеңилдетилген ипотека насыясын каржылоо үчүн Финансы министрлиги тарабынан 200 миллион сом өлчөмүндөгү транш алганын эске салды.

Ушуга байланыштуу айрым жарандар, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер: жакында эле арыздарын бергенине карабастан тез арада насыя берилүүсүн талап кылып, коркутканга чейин барышканы айтылат.

МИК жеңилдик менен ипотека алуунун оңой жолун иштеп чыкты

Ошол эле учурда 700гө жакын киши эки жылдан ашык убакыттан бери жеңилдетилген ипотека насыясын күтүп жатканы белгиленди.

"Учурда арыздар электрондук түрдө киргизилип жатат. Ошондой эле мурда берилген кагаз түрүндөгү арыздар автоматташтырылган маалымат тутумунун базасына көчүрүлүп, мындан ары бардык анкеталар арыз берилген датасын эске алуу менен каралат", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарды бул өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0