Ак-Сай жайлоосуна малчылар жакага түшө электе кар жаап салды. Видео

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүЖивотноводство в Республике Хакасия
Животноводство в Республике Хакасия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малчылардын айтымында, кечээ жаай баштаган жаан таң эрте карга айланган. Учурда мал короолордо кармалып турат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Нарын облусундагы Ак-Сай жайлоосунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жеринен малчы Марсбек Искендер уулу кабарлады.

"Малчылар тоодон түшө элек болчу. Кечээ жаан жаап баштаган, таң эрте карга айланды. Кечке чейин жааса куткаруучулардын жардамы керек болуп калат. Азыр кардын калыңдыгы 5 сантиметрге жетип калды", — деди малчы.

Жеринде тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрларда кар дагы деле жаап, малдын короодо кармалып турганын көрүүгө болот.

ӨКМден маалыматты тастыктап, жайлоодо калыңдыгы үч сантиметрге жеткен кар түшкөнүн билдиришти.

Синоптиктер күздүн биринчи жумасында аба ырайы кандай болорун айтышты

Буга чейин Кыргызгидромет 1-3-сентябрь күндөрү Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунда кар түшөрүн кабарлаган эле

Жаңылыктар түрмөгү
0