Бул окуя мурда болгон сыяктуу... Психолог дежавюнун себебин чечмеледи

© AP Photo / Lynne SladkyКомпьютер экранындагы мээнин сүрөтү. Архив
Компьютер экранындагы мээнин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис эмне себептен адамдар азыркы учурда болуп жаткан окуяларды өткөн нерселерге байланыштыра турганынын үч себебин санап берген. Алардын бири ички туюм экендиги айтылат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кээде адам учурдагы окуяны мурда көргөндөй боло берет. Бул илимде дежавю деп аталарын жана анын бир нече себеби бар экенин Sputnik радиосуна психолог Сергей Ключников айтып берген.

"Дежавю" француз тилинен которгондо "буга чейин көргөм" дегенди билдирет. Ключниковдун айтымында, бул феномендин ар кандай түшүндүрмөсү кездешет. Маселен "аң-сезимдин синхрондошуусу" деген бар, анда мурдагы кайгы-капа менен азыркы учурду ортодогу окшоштуктар байлап турат.

Кыйкырсаң, эс алып каласың. Психиатрдын кеңеши

"Маанайга же сырткы сүрөттөлүштөргө байланыштуу окшош нерселер бар, мээ муну мурда өткөн нерседей кабыл алат. Экинчиден, адам шок болгондо жан дүйнөсүндөгү эскерүүлөр оргуштап чыгат дагы, аны азыркы учурга окшоштурат. Чыгыш окууларын улантуучулардын айтымында, мунун "эски жашоонун термелүүсү" деп эсептешет", — деген психолог.

Ошондой эле Ключников дежавю интуиция менен дагы байланыштуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган. Өз кезегинде ички туюм окуяга жараша адамдын чечим кабыл алуусун колдоп же, тескерисинче, каршы нерсеге үндөй турганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0