Мэрия автоунаа токтотуучу жайларда соода кылбоону эскертти

Жазылуу
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, шаардын чок ортосунда, ири базарлардын түбүндө жайма базар уюштургандар тез-тезден текшерилип турат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы калаадагы автоунаа токтотуучу жайларда соода кылбоону эскертти.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, шаардын чок ортосунда, ири базарлардын түбүндө жайма базар уюштургандар тез-тезден текшерилип турат. 

© пресс-служба мэрии города БишкекСтихийная торговля в центре Бишкека
Мэрия автоунаа токтотуучу жайларда соода кылбоону эскертти - Sputnik Кыргызстан
Стихийная торговля в центре Бишкека
"Бишкектин автоунаа токтотуучу жайлары" ишканасынын кызматкерлери Ленин акимчилигинин өкүлдөрү жана Кайгуул милиция кызматы менен "Ош" базарынын Токтогул көчөсү тарабын текшерген. Ал жактагы жайма базар тазаланып, 85 автоунаа токтоочу жай бошотулду. Түшүндүрүү иштери да жүрдү", — деп айтылат билдирмеде.
© пресс-служба мэрии города БишкекСтихийная торговля в центре Бишкека
Мэрия автоунаа токтотуучу жайларда соода кылбоону эскертти - Sputnik Кыргызстан
Стихийная торговля в центре Бишкека

Маалыматта мындай санитардык рейддер дайыма өткөрүлүп турары кошумчаланган. "Бишкектин автоунаа токтотуучу жайлары" ишканасынын жумушу боюнча сүрөт, видео фактылар болсо, мэрия 0552 812606, 0706 500043, 547967 телефондоруна жиберүү керектиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0