Атамбаевди УКМКнын абагында калтырышты

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратурадан Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында калтыруу боюнча сунуш беришкен.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын абагында калтырышкандыгын анын жактоочуларынын бири Замир Жоошев билдирди.

Буга чейин анын адвокаттары экс-президентти №1 тергөө абагына которууга аракети болуп жатканын билдирген эле.

Батукаевдин иши: шаардык сот Атамбаев боюнча чечимди күчүндө калтырды

"Алмазбек Атамбаев №1 тергөө абагына которулбайт. Мындай чечимди Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун судьясы кабыл алган. Прокурорлор аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында калтыруу боюнча сунуш беришкен. Сот аны канааттандырды", — деп жазды Жоошев Facebook тармагына.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышына айыпталып 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, ага Кой-Таш окуясы боюнча бир катар беренелер менен айып тагылган.

Атамбаев өзү болсо аны экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамсыз болгонун белгилеп, көрсөтмө берүүдөн баш тартып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0