Мамкаттоо элге электрондук кол тамганы акысыз берет. Ал эмне үчүн керек?

© Sputnik / Виталий АньковАял электрондук кол тамганы коюп жатат. Архив
Аял электрондук кол тамганы коюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук кол тамганы өлкөнүн бардык жериндеги Калкты тейлөө борборлорунан алса боло турганы маалымдалды.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акысыз түрдө электрондук кол тамга берүү кампаниясы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Маалыматта булуттук санариптик электрондук кол тамгаларды берүү кампаниясы 2021-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөрү айтылат. Бул аралыкта жеке жана юридикалык тараптар акысыз түрдө электрондук кол тамганы ала алат, ал бир жылга жарактуу болот.

Ал мамлекеттик автоматташтырылган системаны иштетүүдө "Түндүк" аутентификациялоо жана идентификациялоо бирдиктүү системасында колдонулат.

Кененбаева: электрондук кол тамга менен үйдөн чыкпай документ алууга болот

Кол тамга кызмат алгандарды идентификациялоого, онлайн режимде алмашылып турган маалыматтарды коргоого, документтин жарактуулугун тастыктоого жана мамлекеттик органдардын электрондук кызматтарын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Электрондук кол тамганы өлкөнүн бардык Калкты тейлөө борборлорунан алса болот. Ал эми чет жакта жүргөн мекендештер өзү жашаган өлкөдөгү КРдин дипломатиялык мекемелеринен ала алышат.

Булуттук санариптик электрондук кол тамгаларды алуунун үлгүсүн "Инфоком" сайтынын "Наш УЦ" бөлүмүнөн көрүп, көчүрүп алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0