Балдар арасындагы COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиди

© AFP / DANIEL MIHAILESCUСитуация в Румынии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Румынии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда вирусту аныктоо, дарылоо боюнча көрсөтмөлөр берилген. Ошондой эле мында COVID-19 менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү синдрому, башкача айтканда, Кавасаки синдромуна окшош илдетти таап чыгуу жана дарылоо боюнча дагы маалымдалат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча протоколдун төртүнчү версиясы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилди. Анын ичинде балдар арасында жайылган COVID-19 илдетин дарылоо боюнча атайын бөлүм бар. Бул тууралуу брифинг учурунда Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун анестезиология жана реанимация курсу менен педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова билдирди.

"Анда вирусту аныктоо, дарылоо боюнча көрсөтмөлөр берилген. Ошондой эле мында COVID-19 менен байланышкан мультисистемдик сезгенүү синдрому, башкача айтканда, Кавасаки синдромуна окшош илдетти таап чыгуу жана дарылоо боюнча дагы маалымдалат", — деди Шүкүрова.

Августта 1 120 балага COVID жуккан. Бейтаптарды кабыл алчу ооруканалардын тизмеси

Адистин айтымында, өткөн аптада Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен балдар арасындагы коронавирустан улам пайда болгон мультисистемдик сезгенүү синдрому боюнча протокол иштеп чыгуу тапшырмасы коюлуп, эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0