Жалал-Абаддагы 150 түтүн жашаган айылга биринчи жолу электр жарыгы берилди

© Фото / пресс-служба ЖалалабатэлектроЖазы-Кечүү айылына алгачкы ирет электр жарыгы берилди
Жазы-Кечүү айылына алгачкы ирет электр жарыгы берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул айыл райондун борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кеч күздө жана кыш мезгилинде жаан-чачындын айынан кыштактан борборго баруучу жол толугу менен жабылып калат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылына алгачкы ирет электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад электр ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ЖалалабатэлектроЖалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылына алгачкы ирет электр жарыгы берилди
Жалал-Абаддагы 150 түтүн жашаган айылга биринчи жолу электр жарыгы берилди - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылына алгачкы ирет электр жарыгы берилди

Аталган калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт.

"Бул айыл райондун борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кеч күздө жана кыш мезгилинде жаан-чачындын айынан кыштактан борборго баруучу жол толугу менен жабылып калат. Ушул жылдын 6-июнунда "Жалал-Абад электр" ишканасы өз күчү жана каражаты менен электр зым тирөөчтөрүн орноткон", — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, эки айдын ичинде компания бардык аракеттерди жасап, алты бригада иш алып барган. Долбоордун жалпы сметасы 25 миллион сомду түзгөнү айтылды.

Бектенов: суу тартыштыгына карабастан быйыл жарык өчүрүлбөйт

Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров, "Жалал-Абад электр" ишканасынын башкы директору Дурусбек Рахманов катышкан. Ошондой эле тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар да болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0