Ысык-Көл: үймө-үй кыдырып текшерүүдө 2 621 адам COVID жуктурганы аныкталды

© AP Photo / Francisco SecoМедициналык кызматкер коронавирус үчүн чогултулган үлгүнү кармап турат. Архив
Медициналык кызматкер коронавирус үчүн чогултулган үлгүнү кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус бийлигинин билдиришинче, аймакта ачылган 119 стационар ишин токтоткон. Сыркоолорду медицина мекемелери кабыл алып жатат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 18-июлдан 29-августка чейинки аралыкта үймө-үй кыдырып текшерүү убагында COVID жана пневмония менен ооруган 2 621 адам аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча облустагы штабдан кабарлашты.

Алардын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

КРде балдар пневмониясын дарылоого протокол даярдалып, 2000 керебет коюлду

Жалпысынан 112 500 турак жайда жашаган 514 541 адам текшерүүгө алынган.

Буга чейин аталган облуста ачылган 119 стационардын баары жабылганы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0