Унаа салыгын төлөп, бирок жанында чеги жок айдоочу эмне болот? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милция кызматкери. Архив
Кайгуул милция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 1-сентябрда кыймылдуу мүлк салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт. Андан кийин рейд башталат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) маалымат бөлүмү унаа ээси салык төгүп, бирок текшерүү учурунда акча төлөгөнү тууралуу чеги же квитанциясы жанында жок болуп калса эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

Эске салсак, бүгүн кыймылдуу мүлк салыгын төлөөнүн акыркы күнү.

Фискалдык мекемелер төлөмдү салык органына барбай эле онлайн ыкмаларды колдонуу менен төлөсө болорун билдиришет. Алар — бардык банк мекемелери, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр.

Маалымат кызматы билдиргендей, салыкчылар рейд учурунда токтотуп, айдоочунун жанында төлөм чеги же квитанциясы жок болгон учурда жеринен туруп эле төлөм боюнча маалыматтарды МСК базасынан текшерет.

КРде унаа жана кыймылсыз мүлккө ким салык төлөшү керек? Түшүндүрмө

"Мүмкүн болсо төлөм кагаздары айдоочунун жанында болгону жакшы. Анткени убакыт үнөмдөлөт. Базадан текшерилет, бирок айдоочунун жеке номери, башка маалыматтарын киргизип текшерүү бир кыйла убакытты алат", — деп айтылат билдирүүдө.

МСК бул боюнча рейд өтөрүн кошумчалап, анын так убактысы белгисиз экенин айтты.

Эскерте кетсек, былтыр өкмөттүн чечими менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын салыкты текшерүү боюнча ыйгарым укуктары алып салынган. Эми салык төлөнгөнүн Салык кызматынын кызматкерлери гана текшере алат. Мындан сырткары, айдоочулар унаа салыгын төлөнгөндүгү боюнча кагазды терезесине чаптоого да милдеттүү эмес.

Унааңыздын салыгын эсептейм десеңиз Sputnik Кыргызстан агенттигинин калькуляторун пайдалансаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0