Кыргызстандан Россияга уча турган авиакаттамдардын убакыт-сааты жарыяланды

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын жарандарынан сырткары айрым категориядагы кыргызстандыктар дагы учуп кетүүгө мүмкүн экени жазылган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги КРден РФтин бир нече шаарына уюштурула турган чартердик каттамдардын расписаниесин жарыялады.

Маалыматта Россиянын жарандарынан сырткары айрым категориядагы кыргызстандыктар дагы учуп кетүүгө мүмкүн экени жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Аялы же күйөөсү, баласы, ата-энеси РФ жараны болсо;
  • Туруктуу жашоого уруксаты бар тараптар;
  • Медициналык мекемелердин чакыруусу;
  • Ооруп жаткан жакын тууганын кароо үчүн бара тургандар Россиянын аймагына кирерден үч күн мурун коронавируска тапшырган ПЦР-тести таза чыкканын көрсөткөн маалым каттын негизинде бара алат.

Элчилик тизме түзбөйт. Россиядагы мекендештер Кыргызстанга өз алдынча келе алат

Каттамдардын расписаниеси:

  • 01.09 Бишкек — Жуковский, саат 5:30да учат (Уральские авиалинии);
  • 01.09 Ош — Жуковский, саат 5:15те учат (Уральские авиалинии);
  • 01.09 Ош — Новосибирск, саат 17:45те учат (S7);
  • 02.09 Бишкек — Екатеринбург, саат 04:45те (Уральские авиалинии);
  • 04.09 Ош — Москва, саат 07:45те учат (S7);
  • 05.09 Бишкек — Санкт-Петербург, саат 07:35те учат (Уральские авиалинии);
  • 05.09 Ош — Санкт-Петербург, саат 21:55те учат (Уральские авиалинии);
  • 06.09 Бишкек — Новосибирск, саат 18:10до учат (S7);
  • 07.09 Ош — Екатеринбург, саат 05:10до учат (Уральские авиалинии);
  • 08.09 Бишкек — Москва, саат 04:55те учат (Уральские авиалинии);
  • 08.09 Ош — Москва, саат 06:50дө учат (Уральские авиалинии).
  • 08.09 Ош — Новосибирск, саат 17:45те учат (S7);
  • 09.09 Бишкек — Екатеринбург, убактысы такталууда;
  • 11.09 Ош — Москва, саат 07:45те учат (S7);
  • 12.09 Бишкек — Санкт-Петербург, саат 07:35те учат (Уральские авиалинии);
  • 12.09 Ош — Санкт-Петербург, саат 21:55те учат (Уральские авиалинии);
  • 13.09 Бишкек — Новосибирск, саат 18:10до учат (S7).
Жаңылыктар түрмөгү
0