Кыргызстанда 5,5 миңдей киши COVID-19дан дарыланууда. Абал чыңалып турат

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда вирус катталгандан бери 43 958 адам жуктурса, 38 649у ооруну жеңди. Каза болгондордун саны 1 060ка жетти.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ушул тапта Кыргызстанда коронавирустан 704 бейтап стационарларда, 4 856 адам үйүнөн дарыланып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"704 бейтап кадимкидей стационарларда медиктердин жардамын алып дарыланууда. Бул дагы эле абал чыңалып турат дегенди түшүндүрөт. Андыктан бардык санитардык шарттарды карманып, сак болушубуз керек", — деди Үсөнбаев.

Кечээ 60 кишиден COVID аныкталса, 190 адам ооруну жеңип чыкты. Статистика

Ошондой эле бир нече күндөн бери адам өлүмү катталбай келе жаткан Кыргызстанда бүгүн бир киши оорудан көз жумганы айтылды.

Өлкөдө вирус катталгандан бери 43 958 адам жуктурса, анын 38 649у ооруну жеңди. Каза болгондордун саны 1 060ка жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0