Эртең акыркы күн! Турак жай, жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктап баратат

Жазылуу
Азыр салыкты онлайн ыкмаларды колдонуу менен төлөсө болот. Алар — төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр.

БИШКЕК, 1-cен. — Sputnik. Бүгүн, 1-сентябрда, унаа салыгын төлөө мөөнөтү, ал эми эртең, 2-сентябрда, турак жай, батир, жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан эскертишти.

Ага ылайык, аталган кызмат жарандарды салыктардан төлөө мөөнөтү аяктап калганга чейин кутулууга чакырууда.

Азыр аны төлөө үчүн шарттар бир топ жеңилдеп калганы айтылды. Ал үчүн салык органына барбай эле онлайн ыкмаларды колдонуу менен төлөсө болот. Алар — төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр. Мындан сырткары, бардык банктардын кассаларынан жана почта бөлүмдөрүнөн кабыл алынат.

Автоунаага төлөнчү салыкты эсептөөнүн жолу. Калькулятор

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл:

Транспорт салыгы үчүн автоунаа катталган район же шаар, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы жазылат;

Турак жай жана жер салыгы үчүн мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0