Кечээ 60 кишиден COVID аныкталса, 190 адам ооруну жеңип чыкты. Статистика

© AFP / SILVIO AVILAОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бактыга жараша күн сайын жуктургандарга караганда сакайгандардын саны көп болууда. Бирок кечээ Бишкек шаарында бир бейтап вирустан каза тапты.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 190 бейтап айыкса, 60 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек шаары – 106;
  • Ош шаары – 18;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 14;
  • Талас облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 19;
  • Баткен облусу – 13.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары — 13;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу — 7;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 14;
  • Баткен облусу – 16.

Ал эми Бишкек шаарында өткөн суткада бир бейтап ооруну жеңе албай көз жумду. Кыргызстанда вирус жалпы 1 060 адамдын өмүрүн алган.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус 43 958 адамдан табылса, анын 38 649у ооруну жеңди.

Кечээ Баткен облусунда эки, Чүй облусунда бир медик коронавирус жуктуруп алды. Ошол эле учурда 10 медицина кызматкеринин илдеттен айыкканы маалым болду.

Азыркы тапта коронавирус жуктурган 704 бейтап стационарларда, 4 856 адам үйүнөн дарыланып жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0