Сынакка катышыңыз! Кыргызпатент кызыктуу бизнес идеяны каржылоого даяр

Жазылуу
"Стартап Кыргызстан 2020-2021" республикалык сынагына катышып, андан жеңип чыккандарда 500 миң сомго чейин берилет.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызпатент кызыктуу бизнес идеяларды колдоп, аны баштоо үчүн каражат бере турганын маалымдады.

Бир бизнести ишке ашыруу 500 миң сомго чейин берилери айтылды.

"Сизде кызыктуу бизнес идея жаралып, бирок аны баштоого акча жок болуп жатабы? Кыргызпатент сизди жана командаңызды колдоого даяр. Ал үчүн "Стартап Кыргызстан 2020-2021" республикалык сынакка катышыңыз", — деп жазылат кайрылууда.

Кыргызпатенттен эң көп сый акыны Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды

Ошондой эле бир аз мурдараак ушул сынактын алкагында утуп чыккан эки бизнес идеянын ээси менен 27-августта келишим түзүлгөнү кошумчаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0