Смартфон эмне себептен ысып кетет. Адистин түшүндүрмөсү

© Фото / Pixabay/ JESHOOTS-comТелефон колдонуп жаткан кыз. Архив
Телефон колдонуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телефондун ысып кетишинин негизги себептеринин бири — сапатсыз интернет. Мисалы, месенджер, карта, электрондук почта, статистика сыяктуу тиркемелердин иштеши үчүн күчтүү интернет керек.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Смартфондун ысып кетишинин бир нече себеби бар, аларын ичинен айрымдары телефон үчүн кооптуу. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "Цифровые платформы" борборунун башкы дирректору Арсений Щельцин айтып берди.

"Негизги себептеринин бири — сапатсыз интернет. Мисалы, месенджер, карта, электрондук почта, статистика сыяктуу тиркемелердин иштеши үчүн күчтүү интернет керек. Эгер интернет начар болсо, тиркемелер бир эле даректен маалымат ала албай, көп жерден сурай баштайт. Бул учурда батарея адаттагыдан бат короп, телефон ысып чыгат", — деди адис.

Адис жашыруун номерден ким чалып жатканын кантип билсе болорун айтып берди

Экинчи себеби — процессордун ысып кетиши. Буга бир эле учурда Wi-Fi, GPS, Bluetooth модулдарынын чогуу иштеши алып келет.

Адистин пикиринде, бардык эле смартфондор мынчалык катуу иштөөгө багытталган эмес. Андыктан телефонду маал-маалы менен эс алдырып, өчүрүп туруу дагы пайдалуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0