COVID жуктургандар 100гө жеткен жок. Айыккандар, дарыланып жаткандар

© AFP / PRAKASH MATHEMAКоронавируска анализ алып жаткан дарыгер
Коронавируска анализ алып жаткан дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада Жалал-Абадда эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда 18 медицина кызматкеринин илдеттен айыкканы маалым болду.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Өлкөдө өткөн суткада коронавирустан 261 бейтап айыкса, 78 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 134;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 13;
  • Ош облусу — 6;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 52;
  • Жалал-Абад облусу — 26;
  • Баткен облусу — 24.

Балдарга жабышкан Кавасаки синдрому. Дарыгер оорунун белгилерин айтты

Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 18;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 10;
  • Ош облусу — 6;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 14;
  • Жалал-Абад облусу — 11;
  • Баткен облусу — 12.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус 43 898 адамдан табылса, анын 38 459у ооруну жеңди. Бир сутка ичинде коронавирустан көз жумган учур катталган эмес. Кыргызстанда вирус жалпы 1 059 адамдын өмүрүн алган.

Кечээ Жалал-Абадда эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда 18 медицина кызматкеринин илдеттен айыкканы маалым болду.

Азыркы тапта коронавирус жуктурган 718 бейтап стационарларда, 4 818 адам үйүнөн дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0