Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Геннадий ЗакировКел-Суу тоо көлүнүн айланасындагы тоолор
Кел-Суу тоо көлүнүн айланасындагы тоолор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-августка караган түнү Ош облусунун кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Жекшемби, 30-августта, айрым тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жааса, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25…+30, Таласта +22…+27, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +28…+33, ал эми Ысык-Көл, Нарында +20…+25 градус болот.

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жамгыр жаабайт. Термометр борбор калаада +28...+30, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +20...+22 градусту көрсөтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0