Ош: патрулдук милицияга 51 кызматкер сынак аркылуу алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековПатрулдук милициянын кызматкерлери. Архив
Патрулдук милициянын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кызматкерлер 1-сентябрдан тарта ИИМ академиясынын Ош шаарындагы филиалында даярдыктан өтө башташат.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Ош шаарынын Патрулдук милиция кызматына 51 кызматкер конкурстук негизде  тандалып алынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Келечектеги тартип сакчылары 1-сентябрдан тарта ИИМ академиясынын Ош шаарындагы филиалында даярдыктан өтө башташат.

Кызматка алынган жарандардын тизмеси министрликтин расмий сайтында жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0