Күйөөмдүн "сүйүктүүсү" тынчтык бербей... Жолдошу баркына жетпеген келиндин каты

© AFP / JOHANNES EISELEКиши менен аял бийлеп турган учурда. Архив
Киши менен аял бийлеп турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жолдошунун жеңил-желпи жүрүм-туруму жана анын "сүйүктүүсүнүн" кылыктары жанына баткан аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Мен ушундай маселе менен психологго кайрылып калам деп эч ойлогон эмесмин. Өзүм жогорку билимдүүмүн, бирок турмушка чыккандан бери балдар төрөлүп үйдө отуруп калдым. Үйдөн да иштеп, анча-мынча акча таба коем. Жолдошумдун өзүнө ылайык жакшы кызматы бар. Экөөбүз "Манас" университетинде окуп жүрүп таанышканбыз. Турмуш курганыбызга он жылдан ашты. Төрт баланын ата-энесибиз. Жашоодо бактылуу көз ирмемдер менен кошо кыйынчылыктар көп эле болду. Албетте, аны бирге жеңип келгенибиз менен кээде кыйынчылык аял кишинин керт башына келип калат экен.

Негизи күйөөм ушул он жыл ичинде далай "сюрприздерди" көрсөттү. Бирок дайыма жаштык кылды же башка нерсе түрткү болуп кеткендир деп көп жерден себеп издеп, сабырдуу болуп келе жатам. Бирок кол шилтеп салган да жокмун. "Үй-бүлөмдү сактайм" деп тырышканым тырышкан. Кээде менин жан үрөгөнүмдөн улам эле очогум сакталып тургандай сезилет. Күйөөм да буга көнүп алды көрүнөт. Бирок мен согуш талаасында жүргөн жокмун да. Жөн гана бейкапар жашагым келет. Чарчадым.

Эмнеге жубайлар тез ажырашып кетишет. Психологдун жообу

Бул жолкусунда, чынын айтсам, аял катары ушунча ызаланып турам. Көрсө, бир жыл мурун жолдошум дагы бир "сүйүктүүсүн" таап алыптыр. Ал кыз Бишкекте министрликтердин биринде иштейт. Турмуштан чыккан экен. Мурункулары билинип калганда күйөөм бат эле жоготчу же көңүлдөшүнө чалып айтып, урушсам тыйылып калышчу.

Эми ушундай бет тырмаган кызды биринчи көрүшүм. Күйөөм да аны жакшы көрүп калыптыр. Ортодон ага "үйлөнөт элем" деп да чыкты. Кайнатам "ушул үйдөн чыксаң, менин да үйүмө келбе" дегенде токтоду. Ишенесизби, аял катары күйөөмдүн тиги кызды унута албай кадимкидей кыйналганын сезип жаттым.

Ал кыздын жумушуна чейин барып, жетекчисине кол алдындагы кызматкеринин кылыгын айттым. Майнап чыккан жок. Кайра өчөштү окшойт.

Кош бойлуу экенин айтып шантаж кылды. Андан кийин "боюмдан алдырттыңар, эми ден соолугумду чыңдашыңар керек"  деп акча да алды. Жолдошум ага витаминдерди алып берген экен "анын мөөнөтү өтүп кетиптир" деп да чалып догурунуп жүрдү.

Жаңы келген кыздан кыя өтпөйт. Күйөөсү менен чогуу иштеген аялдын даты

Иши кылып ар нерсени айтып, ар кайсы телефондон тынчтык бербейт. Ооруса да боюнан алдыртканына шылтайт. Мага жакшынакай сүрөтүн жиберип, "бул көйнөктү Урмат алып берген" деп датасын жазып коёт. Номеримди алмаштыргам, бирок таап алат. Себеби мен келин болуп келгенимден бери эле мени жек көргөн аталаш кайнежем экөө чогуу иштейт. Булардын максаты үй-бүлөмдү бузуш керек экенин билип, үйдө уруш чыгарбай, жакшы маанай тартуулаганга аракет кылам. Ажырашкым келбейт. Жеңгим келет. Кантип? Ал кыздын достугундагы туугандарына да социалдык тармактан кат жаздым. Кыскасы, он жыл аралыгында ажырашпай турганыма көзү жетти. Дагы эмне керек буга? Адамдарда ушундай да психология болобу? Кээде туруп мен өзүмдү басынтып салган жокмунбу, туура эле кылып жатамбы деп ойлоном. Турмушума, өзүмө да психологиялык анализ жасашым керек болуп калды көрүнөт.

Муратбек Султанбеков, "Психотерапевт" аналитикалык борборунун жетекчиси:

--Азыр ушундай окуялар көп кездешип калды. Анткени кризистен улам үй-бүлөлөрдө да кыйынчылыктар болууда. Жумушсуздук, экономиканын түшүп кетиши, келечектин бүдөмүгү жана ушул сыяктуу турмуштук оор кырдаалдардын кесепети аялзатына да тийип жатат. Бул окуядагы ар бир адамды жекече карай келгенде үчөөнүн тең өз көйгөйү жана чындыгы бар. Тиги кыз үчүн келиндин күйөөсү турмушка каныккан, жашоого көз карашы калыптанган адам катары ыңгайлуу. Ал ошол жагынан өзүн ойлоодо. Эркек болсо аялында жок нерсени ошол кыздан таап жатат. Ошондой эле келинчегин да түшүнсө болот. Келин да кайын–журту менен тил табышып, үй-бүлөсүн сактап калууга болгон аракетин жумшады. Үй-бүлө — ишенимден жаралат. Кыз-жигит болуп жүргөндө сүйүүгө чейин адамдардын ортосунда алгач ишеним пайда болот. Андан кийин адамдын деңгээлине, чөйрөсүнө, билимине жана адамгерчилигине карап ага сый-урмат калыптанат. Эки кишинин союзу ушул эки нерседен турат. Ал эми бул кайрылган эки түгөйдүн ортосунда ишеним менен сый-урматка доо кеткен. Кээде буга кайын-журт, туугандар да роль ойноп коёт.

Аялым тирүү туруп башкасын издей баштадым. Жубайы ракка чалдыккан эркектин каты

Азыр күйөөсү бирөөнү таап алып, аны менен мамиле куруп жүргөн экен. Аялы үй-бүлө үчүн күрөшөрүн айтып жатат. Негизи, туура. Келиндин бүлөсү үчүн күрөшкөнү колдоого аларлык. Үй-бүлө ошого татыйт. Ошондой эле бул чиеленишкен окуяда урушуп-талашуу, зомбулук болбогону байкалууда. Мындан ары да маселени диалог менен чечкенге аракет кылуу керек. Дипломатиялык мамиле жасаган жакшы. Бул жерде унчукпай, артынан тымызын ар кандай иштерге барууга болбойт. Күйөөсү экөө маңдай-тескей отуруп алып келечекти, өткөн-кеткенди, бири-биринин оюн талкуулап алгандары оң. Аялы түгөйүн сүйсө аны да жашырбасын. Бирок сөздү таарынычын айтуудан баштап, наалыса диалогду бузуп алат. "Кечирдим" деп да айтканы туура эмес. Анда эркек "буга боло берет экен" деп кабыл алат. Диалогдун ушундай учкай, опурталдуу жактары бар. Келинчеги күйөөм таштап кетет деп коркпосун жана эч убакта өзүн таштабасын. Ошондой эле өч алуу жагын да ойлобосун. Ал өзүнүн келбетин карап, кам көрүп,  кээ бир жүрүм-турумдарын өзгөртүшү керек.

Жашооңузду толук анализдей турган болсок, алгач күйөөңүздү кечирип, андан ары жашап кете аласызбы? Сиз үчүн бул адам менен жашоо маанилүүбү? Баарына даярсызбы? Ушул суроолорго өзүңүздөн так жооп алып алышыңыз абзел. Себеби аялга мындай нерсени кечирүү оңой эмес.

Эгер "жашайм" деп чечсе, анда күрөштү улантсын. Бирок өч алуу жолу менен эмес. Эгер мындай жашоону уланткысы келбесе, психологиялык жактан даяр эмес же көңүлү жок болсо анда башка жашоого өтсүн. Бирок ажырашканда эркектин жагдайы оңой болуп турат. Аялдыкы кыйыныраак. Анткени күйөөсү үйдөн коколой башы менен чыгып кете берет. Анын үстүнө бара турган жери да бар экен. Ал эми аял балдардын түйшүгү жана башка көйгөйлөр менен жалгыз калат. Ошондуктан өтө ойлонуп чечим кабыл алсын.

Жаңылыктар түрмөгү
0