КРде акыркы үч сутка катары менен COVID-19дан өлүм катталган жок

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVБишкектеги күндүзгү стационарда медициналык кызматкерлер. Архив
Бишкектеги күндүзгү стационарда медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Август айынан тарта өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны кыскара баштады. Бирок жуктургандар акырындык менен көтөрүлгөнү байкалды.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 1 058 адам бул илдеттен көз жумду.

Август айынан тарта өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны кыскара баштады. Эки аптадан бери суткасына көбүнесе бир гана өлүм учуру катталып жатат. Айрым күндөрү каза болгондор катталбаган учурлар да бар. Мисалы, акыркы үч күндө расмий түрдө коронавирустан көз жумгандар болгон жок.

Кечээ үч медиктин COVID жуктурганы аныкталды

18-август күнгө карата 1 498 адамдын каза болгону айтылган. Бирок кийин Саламаттык сактоо министрлиги өлүмдүн саны боюнча статистика кайра караларын билдирген. Жыйынтыгында сегиз адамды кайталап каттап койгону маалым болгон.  Министрлик статистиканы тактап, 437 адам коронавирустан эмес, башка оорудан каза болгону аныкталганын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0